Акыркы суткада Казакстанда коронавирус инфекциясы боюнча оң ПЦР менен 3003 учур аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы кабарлаган.
Бул күн коронавирустук инфекциянын жаңы учурларынын эң жогорку көрсөткүчү.
Региондордун контекстинде:
— Нур-Султан шаары — 791;
— Караганда облусу — 496;
— Алматы шаары — 391;
— Мангыстау облусу — 186;
— Батыш Казакстан облусу — 173;
— Шымкент шаары — 169;
— Атырау облусу — 154;
— Алматы облусу — 112;
— Акмола облусу — 105;
— Актөбө облусу — 78;
— Чыгыш Казакстан облусу — 73;
— Павлодар облусу — 71;
— Кызылорда облусу — 56;
— Костанай областы — 53;
— Түркстан облусу — 42;
— Жамбыл облусу — 34;
— Түндүк Казакстан облусу — 19.
Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирустун 433 931 учуру аныкталды.