Биз менен байланышыңыз

Ферганада кыргыз, өзбек, тажик делегациялары чек ара маселеси боюнча жолукту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 1130 | 0

Кечээ, 3-июлда Ферганада Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын делегациялары чек ара маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.  Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен жайлары боюнча сунуштарды талкуулашты. Жыйындын аягында тийиштүү протокол кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара боюнча үч өлкөнүн делегацияларынын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болмокчу.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 25-мартында кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча Ташкентте жолугушуу болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM