Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: 4-8-июлда 41 градуска чейин күн ысыйт

Кыска кабар | 4 Июл 2021 | 654 | 0

Кыргызстандын аймагында 4-июлдан 8-июлга чейин абанын температурасы жогорулап — аномалдык ысык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы 4-июлдан 6-июлга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска жетет.

7-8-июлда Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +39…+41 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетиши ыктымал.

Мындай ысык аба ырайында ачык күндүн астында көпкө жүрүү сунушталбайт. Сак болуңуздар!

Жайкы аптаптан кантип сактанабыз?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM