Биз менен байланышыңыз

Израиль аскерлери ХАМАСтын курал-жарак цехине абадан сокку урду

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 571 | 0

Биринчи июлдан экисине караган түнү Израиль аскерлери ХАМАС кыймылынын Газа тилкесиндеги курал-жарак цехине абадан сокку урду. Ал сокку Газа тилкесинен Израилди көздөй күйүүчү зат жана жардыргычтар байланган шарлардын учурулушуна жооп катары жасалганы айтылды.

«Израилдин аймагына Газа тилкесинен өрт чыгаруу максатында шарлардын учурулушуна жооп катары Израиль аскерлеринин учактары ХАМАС террористтик уюмуна таандык курал чыгарылган объектке сокку жасады», — деп айтылат Израиль аскерлеринин билдирүүсүндө.

Израилдин мамлекеттик Kan радиостанциясы билдиргендей, жардыргыч байланган шарлардан улам Израилде төрт жерде өрт чыккан. Израилдин аскерлери сокку жасаардан мурда курал-жарак цехинин имаратында болгондорго алдын ала кабар берген.

Июнь айынын ортолорунда Израиль жардыргыч байланган шарларга жооп катары ХАМАСтын Газ тилкесиндеги объекттерине эки ирет сокку жасаган.

Эскерте кетсек, май айында Израиль менен ХАМАС кыймылы 11 күн бою ракета менен бири-бирин аткылаган. Анын айынан Газа тилкесинде 257 киши каза болуп, 2 миңге жакын адам жаракат алган. Израилде 13 киши каза тапкан. 21-майда эки тарап ок атышууну токтоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM