Биз менен байланышыңыз

Бишкек менен Баку эки тараптуу кызматташтыкты арттырат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 791 | 0

Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери 2021-2022-жылдары кызматташуу программасы боюнча документке кол коюшту. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов кыргыз кесиптеши Руслан Казакбаев менен Бакуда болгон жолугушуусунан кийинки маалымат жыйында билдирди.

Эки министрдин жолугушуусунда эки жана көп тараптуу мамилелерге байланыштуу маселелер каралган. Анын ичинде эки мамлекеттин соода-экономикалык алакасын арттыруу маселеси талкууланган.

«Быйыл январь-май айларында былтыркыга караганда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 65%га өскөн. Ал көрсөткүч бизди канааттандырбайт. Биз өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүү маселесин талкууладык», — деди ал.

Ал Кыргызстанды Азербайжан аркылуу өтүүчү «Чыгыш-Батыш» транспорттук коридору кызыктырышы мүмкүн экенин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM