Биз менен байланышыңыз

АКШнын мамлекеттик катчысы өзбек жана тажик тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 406 | 0

Кечээ, 1-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Өзбекстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен болгон жолугушууда экономика, энергетика, гуманитардык, коопсуздук ж.б. тармактарда, коронавирустун жайылышын алдын алуу иштеринде кызматташуу маселелери талкууланган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө учурда аймактагы кырдаалга байланыштуу баңгизат, терроризм, экстремизм менен күрөшүү багытында кызматташуу керектиги белгиленген.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен болгон кездешүүдө стратегиялык кызматташык, Ооганстандагы абал боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Жолугушууда Блинкен аймактагы туруктуулук жана Ооганстандагы тынчтык маселелерине токтолуп, АКШ Борбор Азияда коопсуздук жана туруктуулук болушуна умтуларын белгилеген.

«АКШ менен Өзбекстандын аймактык коопсуздук багытында, анын ичинде Ооганстан боюнча жалпы кызыкчылыктары бар», — деген Блинкен.

Белгилей кетсек, АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетерин билдиргенден кийин өкмөттүк аскерлер менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM