Биз менен байланышыңыз

Айыл чарбаны өнүктүрүү маселеси талкууланды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 319 | 0

Бүгүн, 2-июлда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин биринчи жыйыны болуп өттү.

Иш-чарада координациялык кеңештин иштөө форматы каралып, агроөнөр жай жана аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, өнөктөштөр менен иштешүү маселелери талкууланды.

Координациялык кеңеш министрлик жана өнөктөштөр менен биргеликте жакын арада ишке ашыруу керек делген бир катар пландар бекитилген:

— Азык-түлүк коопсуздугу

— Органикалык өндүрүмдү өнүктүрүү

— Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайланышуу

— Кластерлерлерди өнүктүрүү

— Айыл чарба тармагын санариптештирүү

— Жаңы базарларга айыл чарба өндүрүмүн чыгаруу

Мындан тышкары Баткен облусун өнүктүрүү концепциясы сунушталып, талкууланды. Министр донорлорду бул аймакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууга үндөп, Баткен облусу Кыргыз Республикасында өзгөчө макамга ээ экенин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM