Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө базарларда да жүргүзүлө баштайт

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 408 | 0

Ош шаарында коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн базарларда атайын пункттар ачылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн, 1-июлда вице-мэр Эмил Шадыхановдун катышуусунда эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отуруму өтүп, анда коронавирустун жайылып кетүүсүнө каршы чараларды көрүү, калкты эмдөө маселелери каралды.

Жыйында Шадыханов коомдук жайларда санитардык эрежелердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи.

«Жакында коронавируска каршы 110 миң доза вакцина келет. Ага байланыштуу эмдөөнүн зарылдыгы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Шаардагы базарларда эмдөө пункттары ачылып, ал жерде ар бир каалоочу эмделе алат», — деген Шадыханов.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 9 миңге жакын киши коронавируска каршы эмделген. Алардын арасында вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын алгандар да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM