Биз менен байланышыңыз

Орусия Тажикстанга террордук коркунучтардан коргонуусуна жардам берүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 410 | 0

Ооганстандагы террордук чабуулдар күч алып турган ушул маалда Орусия Тажикстанга жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин башчысы Владимир Шаманов билдирди.

Шаманов өз билдирүүсүн Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Парламенттер аралык Ассамблеясынын Кеңешинин отуруму башталар алдында жасаган.

«Эгер зарыл болсо, ЖККУ боюнча милдеттенмелердин алкагында Тажикстанга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярбыз. Албетте биз аны жалгыз калтырбайбыз», — деген ал.

Аны менен бирге ал Ооганстандагы кырдаал ЖККУнун Парламенттер Ассамблеясынын Кеңешинде талкууланарын айткан.

«Азыркы учурда Тажикстандын жетекчилиги өтө бир кооптонуусун билдире элек», — деген Шаманов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM