Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын тышкы карызы 34 млрд. доллардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 438 | 0

2021-жылдын 1-апрелине карата Өзбекстандын жалпы тышкы карызы 34 млрд доллардан ашты. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы билдирди.

Быйыл алгачкы 3 айда коңшу мамлекеттин тышкы карызы 1%га же 310, 6 млн долларга көбөйгөн. Жыл башына карата тышкы карыз 33,8 млрд долларды түзгөн.

Карыздын 21,2 млрд доллары мамлекеттик тышкы карыз болсо (жыл башына караганда 157 миллионго азайган), 13 млрд доллары мамлекеттин кепилдиги жок тышкы карыз болуп саналат (жыл башына караганда 467 миллионго көбөйгөн).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM