Биз менен байланышыңыз

Василий Дашков «Бикард» клиникасына которулду

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 371 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков ден соолугуна байланыштуу «Бикард» жеке клиникасына которулду. Ал 8-июнда Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 8-августка чейин камакка алынган.

Мурда маалымдалгандай, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан мыйзамсыз каражаттарды алуу боюнча коррупциялык схеманы аныктаган.

Такталгандай, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков 2020-жылдын майынан декабрына чейин «баалуу товардык-материалдарды ташып келүүнүн төлөмү» деген негиз менен жеке компанияга мыйзамсыз түрдө 1,1 миллиард сом которгон.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 18-майдагы токтомуна ылайык, Василий Дашков келтирилген зыяндын ордун толтуруу шарты менен үй камагына чыгарылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин анын ордун толуктоо боюнча аракеттер көрүлгөн эмес.

Мындан тышкары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Кыргыз темир жолу» ишканасынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кошумча фактылар аныкталган. Тактап айтканда, ушул жылдын январынан апрелине чейин аталган ишканадан 490 млн сом мыйзамсыз алынган. Ошентип, бюджеттке келтирилген зыяндын жалпы суммасы болжол менен 1,5 млрд сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров темир жол тармагындагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM