Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: Талибдердин жардыруусунан 8 полиция каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 387 | 0

Ооганстандын түштүгүндөгү Герат чөлкөмүндө болгон жарылуудан 8 полиция, 1 аскер кызматкери курман болду. Бул тууралуу «РИА Новости» маалымат агенттиги жазды. 

Жарылуу жергиликтүү полиция башкармалыгынын имаратынын жанында болгон. Жардыруучу зат автоунаага коюлган.

Эске салсак, учурда Ооганстан өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда айыгышкан тиреш жүрүүдө. Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык келишими тууралуу сүйлөшүү 2020-жылдын күз айларында башталып, бирок 2021-жылдын жаз айларында үзгүлтүккө учураган.

АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып баштагандан тарта талибдер чабуулга өтүп, бир нече аймакты басып алышкан. Алгач өкмөттүн армиясы чегинүүгө, ал тургай коңшу Тажикстандын, Өзбекстандын аймагына кире качууга аргасыз болуп келишсе, 29-июндан тарта Улуттук коргоо жана коопсуздук күчтөрү талибдердин мизин кайтарганын, бир нече районду басып алуудан бошотушканын жарыялаган.

Эки тараптын тирешүүсүнөн бир нече адам каза таап, жарадар болуп, көптөгөн имараттар кыйроого учурады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM