Биз менен байланышыңыз

Мамытканов менен Асанбеков ЕЭК министри болуп дайындалышты

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 2111 | 1

Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков Евразия Экономикалык Комиссиянын министри болуп дайындалышты. Бул тууралуу аталган комиссия сайтына жазды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин чечими менен 30-июндан тарта Максат Мамытканов Кыргызстандын атынан ЕЭКтеги бажы кызматташтыгы, ал эми Темирбек Асанбеков энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалган.

Мамытканов Олег Панкратовдун, Асанбеков Эмил Кайкиевдин ордуна келген.

Мындан мурда Мамытканов Кыргызстандын вице-премьер-министри кызматында иштеген болсо, Асанбеков 2010-2021-жылдары «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери болуп келген.

1 пикир

1 пикир

  1. Салтанат

    07.07.2021 23:28

    Абдан сонун болуптур экооно Тен куттуктацбыз Максат Мамыткановду Жана Темирбек Асанбековду.Иштерине ийгилик!.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM