Биз менен байланышыңыз

Быйыл пандемиядан улам дүйнө туризми $1,7-2,4 трлн зыянга учурашы мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 307 | 0

Коронавирус пандемиясынын эл аралык туризме тийгизген таасиринен улам 2020-2021-жылда дүйнөлүк экономика жалпы 4 триллион доллардан ашык каражат жоготот. Бул тууралуу БУУнун соода жана өнүгүү конференциясынын баяндамасында айтылат.

Былтыр пандемиянын айынан туризм солгунга учурап, аталган тармак 2,4 трлн доллар зыян тарткан. Быйыл да 1,7-2,4 трлн доллар жоготушу ыктымал.

Баяндамада айтылгандай, туризм тармагын жандандыруу үчүн дүйнөдө COVID-19га каршы эмдөө бир кылка жүрүп, вакциналар жеткиликтүү болушу шарт. Маселен, бир аймакта калктын 1%га жетпеген бөлүгү эмделсе, башкаларда эмделгендин саны 60%дан ашат. Мындан улам эмдөө жакшы жүргөн өнүккөн өлкөлөрдө туризм тармагы батыраак калыбына келет. Франция, Германия, Швейцария, Улуу Британия жана АКШда туризм тармагы тезирээк жанданат. Ошол эле учурда өнүккөн мамлекеттерде да аталган сектордун толук кандуу калыбына келиши 2023-жылдан эрте болбойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM