Биз менен байланышыңыз

Кытай куралдуу күчтөрүн дүйнөдөгү алдыңкы армияга айлантууну көздөп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 289 | 0

Кытай Элдик-боштондук армиясын дүйнөдөгү алдыңкы армияга айландыруу зарыл. Бул тууралуу төрага Си Цзиньпин Кытай Коммунисттик партиясынын 100 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү куралдуу күчтөрдү, коргонуу тармагын модернизациялоону тездетүү керек.

«Күчтүү өлкө күчтүү аскерлерге ээ болушу керек. Күчтүү армия гана улуттук коопсуздукту камсыз кыла алат», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кытай өзүнүн куралдуу күчтөрүн 2035-жылга чейин модернизациялап, замандын талабына жооп бере турган күчкө айландырууну көздөөдө. Кытай аскерлеринин саны 2 миллионго жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM