Бүгүн, 30-июнда кечки саат 20:00дө Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдердин чыгармачыл кечеси өттү.
Окутуучулар ырдап-бийлеп, окуучуларга жакшы маанай тартуулашты.
Мугалимдер Көлгө семинарларга катышууга жана ден соолукту чыңдоо, эс алуу үчүн келишкен.
Бүгүн бир жумалык жайкы мектептин төртүнчү күнү. Окутуулар 27-июнда башталган.
Эртең, 1-июлда Кырчын жайлоосуна саякат жасалат.