Биз менен байланышыңыз

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы бекитилди

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 434 | 0

Бүгүн, 30-июнда парламенттин жыйынында депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын бекитти. Тиешелүү токтомду 102 депутат колдоп берди.

28-июнда президент Борбордук шайлоо комиссиясы боюнча конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, БШКнын 12 мүчөсүнүн алтоосун президент, калган жарымын парламент сунуштайт.

БШК мүчөлүгүнө КСДП фракциясынан Узарбек Жылкыбаев, «Республика — Ата Журттан» Кайрат Маматов, «Кыргызстан» фракциясынан Акылбек Эшимов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Тынчтык Шайназаров, «Бир болдон» Абдыжапар Бекматов жана «Ата Мекенден»Искендер Гайпкулов шайланды.

Ал эми президенттин квотасы боюнча Нуржан Шайлдабекова, Айдана Жупуева, Марс Наспеков, Акбалык Жумалиева, Нурлан Койчукеев, Анар Дубанбаева БШКнын мүчөсү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM