Биз менен байланышыңыз

Рахимов: Баткенде салынып жаткан үйлөр дүйнөлүк стандартка жооп берет

Коом , Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 4494 | 0

Бүгүнкү күндө Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан талкаланган, өрттөлгөн үйлөрдү, социалдык объекттерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Бирок «курулуш материалдарынын сапаты начар» деген нааразычылыктар да айтылып келет. Бул маселе боюнча кыйраган объекттерди, үйлөрдү калыбына келтирүү иштерине жооптуу, Президенттин Баткен облусундагы атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен маектештик. 

— Каргашалуу окуяга 2 ай болду. Бүгүнкү күндө Баткен облусундагы курулуш иштери кайсы этапка жетти?

— Курулуш иштери Лейлек районунун Максат, Интернационал, Самат жана Арка айылдарында, Баткен районунун Ак-Сай, Достук, Таш-Тумшук жана Көк-Терек айылдарында жүрүп жатат. Андан тышкары Баткен шаарында чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө арналып, 36 үй тургузулуп жатат. Анын 26сын «Каганат Инвест» компаниясы милдетине алган. Калган 10 үйдү башка курулуш компания салууда. Ал үйлөрдүн чатырлары жабылып, аяктоо алдында турат. «Бир айдын ичинде бүтөт» деп пландаштырып жатабыз.

Атайын комиссия чек ара чатагында 140 үй өрттөлгөнүн аныктады. 100 үйдүн пайдубалы түптөлгөн. Азыркы тапта ушул боюнча иштер жүрүп жатат. Түркия мамлекетинен жеңил конструкциядагы (SIP-панель) үйлөр келип баштады. Биринчи үйдүн курулушу аяктап калды.

Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө карата бардык курулуш иштерин бүтүрүп бергенге аракет кылуудабыз. Бардык компаниялар 31-августка чейин бүтүрүп берүүгө убада беришти.

— Курулуш иштерине каражат кайсы эсептен жүргүзүлүүдө? 

— Курулуш иштери мамлекет тарабынан, өкмөт бөлүп берген акчанын эсебинен каржыланып жатат. Ал эми, ыктыярчылар чогултуп берген 116 миллион сом Баткен облусунун өздүк эсебинде турат. Азырынча иштетиле элек. Ал акчаны коогалаң болгон айылдарга жумшоо планыбыз бар.

140 үйдүн жана социалдык шаарчадагы 36 үйдүн курулушун президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган. Мамлекеттик эсептен Максат айылындагы мектептин, Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакчанын, Кулунду айылында токтоп калган 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштери башталды. Борбордук айылында 225 орундуу мектеп салынып жатат. Жакынкы күндөрү Маргун айылында да 300 орундуу мектептин курулушу башталат.

— Курулуп жаткан үйлөрдүн бардыгы бирдей типте болобу? Жер тилкеси канча сотых?

— 140 үй боюнча айтсак, алар өз ордуна эле тургузулуп жатат. Ар биринин сотыхын билбейбиз. Ал эми социалдык шаарчадагы 36 үйдүн ар бирине 6 сотыхтан жер бөлүнгөн.

— Салынып жаткан үйлөрдүн баарынын аянты 123 чарчы метрди түзөт экен. Ал эми айрым үйлөрдүн баштапкы аянты мындан да кенен эле. Эгерде алар кенемте талап кылса, төлөнүп берилеби?

— Аны комиссия карайт. Комиссиянын чечими менен иш кылабыз. Азыркы учурда ар бир тармактан 21 комиссия иш алып барууда. Мамлекет тарабынан да ушул күндөрү Баткен районунда төрт жумушчу топ иштеп жатат. Кенемте жана башка маселелер боюнча комиссия жооптуу, алардын чечими менен иш кылабыз.

— Турак жайлардын долбоору эл менен макулдашылды беле? Себеби бул боюнча даттануулар да болуп жатат. Маселен, жакында эле ыктыярчы топ «Баткенде курулуп жаткан үйлөр коопсуздук талаптарына жооп бербейт» деген корутундусун жарыялашты. Ушуга удаа эле сурай кетейин, эмне себептен курулушка кирпич эмес, SIP-панель тандалып алынды? 

— Негизи жалпы элде даттануу жок. Биз аралашып жүрөбүз. Эми арасында бирин-серин даттануулар болушу мүмкүн, бир-экөөсү нааразы болушу мүмкүн. Анын үстүнө ушундай оор кырдаалда турганда, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү келип: «Бул туура эмес экен, сапаты жаман экен, чарчы метри кичинекей экен», — деген сыяктуу сөздөр менен элди бузуп жатышат.

Ыктыярчылар туура эмес айтып жатышат. Азыркы заман башка, бүгүнкү күндө башкача үйлөр курулуп калган. Учурда кирпич үйлөрдөн жеңил конструкциядагы (SIP-панель) үйлөргө өтүп жатышат. Ал үйлөрдүн долбоорун атайын жумушчу топ түзгөн. Бул үйлөр дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Ар бир колдонулуп жаткан материалдын өзүнчө сертификаты бар. «Сапатсыз» деп айтканга негиз жок. Мамлекет тарабынан жакшы эле иштер жүрүүүдө.

— Эгерде жергиликтүү тургундар үйлөр боюнча нааразы болушса, анда аларды бузуп, жаңы үй салып берүү каралганбы? Себеби укук коргоочулар отчетто ушундай маалымат беришти…

— Мындай маселе жок. Баары жергиликтүү эл менен сүйлөшүлгөн. Өрттөлгөн учурда эл айтылган үйлөрдү айтылган чарчы метрге куруп берүүгө макулдугун беришкен. Кийин эми курулуш иштери аяктап калганда эле нааразычылыктар пайда болуп калбаса… Аны да сүйлөшүү жолу менен чечебиз.

— Жергиликтүү элдин учурдагы жашоо-шарты кандай? Кайда туруп жатышат? Эмдөөдөн өтүштүбү?

— Баткен районунда чатыр шаарча (палаточный городок) бар, ал жерде Көк-Терек айылынын эли, андан тышкары Лейлек районунан үч үй-бүлө жашап жатат. Мындай шаарча Ак-Сай айлында да бар. Ал жерде да үй-бүлөлөр жайгаштырылган. Бүгүнкү күнгө чейин гуманитардык жардам келип жатат. Аны жергиликтүү бийликтер жер-жерлерге бөлүштүрүп беришүүдө. Ал эми эмдөө боюнча айтсам, «жакынкы күндөрү вакцина келет» деп айтылган болчу. Күтүп жатабыз, буюрса, андан кийин баары эмделет.

Copyright © 2017 Maral FM