Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Жакында Кыргызстанга Кытайдан 1 млн 250 доза вакцина алынып келет

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 573 | 0

Министрлер кабинети Кытайдын Өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирип берүү маселесин макулдашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сатылып алынган вакцинанын 1,1 млн дозасы жакынкы күндөрү Кыргызстанга атайын чартердик каттам аркылуу жеткирилет. Ошол эле учак менен Кытай тарабынан акысыз берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы алып келинет.

Вакцинанын жеткирилишин жана калкты вакцинациялоо маселесин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жеке көзөмөлүнө алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM