Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 413 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук маселелериндеги эки тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттары жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы дипломатиялык алакалар түзүлгөндөн бери Кыргызстан менен Түркия бардык чөйрөлөрдө кызматташууга бекем пайдубал түптөшкөндүгүн белгиледи.

Жапаров баса белгилегендей, кыргыз-түрк мамилесинде аскердик-техникалык кызматташуу өзгөчө орунду ээлейт. Анын мындан аркы кеңейишине жана бекемделишине мүмкүнчүлүктөр кенен.

Анын айтымында, региондогу туруксуз абалдын жана коркунучтардын өсүп жатканын эске алганда, өзгөчө Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу болуп эсептелет.

Президент эки өлкөдө жана жалпы эле региондо тынчтыктын жана туруктуулуктун болушу үчүн биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламы менен каалоо-тилектерин жеткирди.

Анын айтымында, Түркиянын президенти Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Жогорку стратегиялык кызматташтык боюнча кеңештин 5-жыйынынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында бул сапардын маанилүү экенин белгилеген.

Ал түрк тараптын учурдагы бардык маселелерди ыкчам чечүүгө дайым даяр экенин жана Кыргызстандын Коргоо министрлиги менен туруктуу байланышта болуп жатканын баса белгиледи.

Хулуси Акар аскердик кызматташтыктын алкагында аскер адистерин окутуу жана даярдоо маселеси да маанилүү экенин кошумчалады.

Түркиянын Улуттук коргоо министри кыргыз тарап менен натыйжалуу кызматташууну улантууга жана бул багытта көмөк көрсөтүүгө даярдыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM