Connect with us

Сайдамир Жейналиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 576 | 0

Сайдамир ажы Жейналиев Ош облусунун казысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев кол койду.

Жаңы дайындалган облус казысын эмгек жамаатка муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев тааныштырды.

Сайдамир ажы Жейналиев 2012-жылдан бери Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп келген. Ал 1964-жылдын 2-январында Тажикстандын Жерге-Тал районуна караштуу Кашка-Терек айылында туулган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM