Биз менен байланышыңыз

Военно-Антоновка балдар үйүндө каза тапкан өспүрүмдүн экспертизалары дайындалды

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 818 | 0

Бүгүн, 30-июнда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча экспертизанын жыйынтыгы даяр болду. Бул тууралуу «Маралга» Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова билдирди.

Буга чейин өспүрүмдүн каза табуу себебин аныктоо максатында соттук-медициналык жана башка керектүү экспертизалар дайындалганы маалымдалган. Каза тапкан баланын денесинен үлгүлөр алынып, гистологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн Соттук-медициналык эксперттердин республикалык борборуна жөнөтүлгөн.

«Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Якуниндин иши боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу даяр болуп бизге келип түштү. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча иш 138-берене, 3-бөлүк, 1-пункт («Байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү») боюнча кайрадан квалификацияланган. Жашы жете элек күбөлөргө соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалып, башка кошумча тергөө иштери пландаштырылууда», — деп билдирди Нусупова.

Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

Эске салсак, бул чуулгандуу окуя 1-июнда болуп, бирок ачыкка 2 жумадан кийин гана чыккан. Балдар үйүнүн жетекчилиги «баланын жүрөгү ооруп каза болду» дешсе, күбөлөр улуураак тарбиялануучу тарабынан сабалып өлтүрүлгөнүн айтышкан болчу.

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүм бир жылдан кийин «ата-энелүү» болмок

 

Copyright © 2017 Maral FM