Биз менен байланышыңыз

COVID-19. Вакцина алгандарга электрондук сертификат берилип баштады

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 549 | 0

COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү жөнүндө сертификат берген сервис ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Электрондук сертификатта адамдын вакцина алганы тууралуу маалымат жана анын аныктыгын ырастаган QR-код бар.

Сертификатты Электрондук кызматтар мамлекеттик порталынан алса болот. Анүчүн кол тамга (калкты тейлөө борборлору акысыз берет) жана 2017-жылкы үлгүдөгү eID-паспорт менен каттоодон өтүү керек.

Андан кийин порталдын «Саламаттыкты сактоо» бөлүмүнө кирип, «COVID-19га каршы эмделгени тууралуу сертификат алуу» кызматын тандап, «арыз жөнөтүү» баскычын басуу зарыл. Сертификат автоматтык түрдө даярдалат. Аны кагазга басып чыгарып алса да, pdf-документ катары сактап алса да болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM