Биз менен байланышыңыз

Күзүндө Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери Түркмөнстанда жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 560 | 0

Быйыл күз айларында Түркмөнстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кезектеги Кеңешме жолугушуусу өтөт. Ал иш-чараны уюштуруу маселесин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу жана аймактагы кызматташтык маселелери талкууланган.

«Президенттер быйыл Түркмөнстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кезектеги Кеңешме жолугушуусун уюштуруу маселелерин талкуулады. Иш-чаранын программасын кылдат даярдап чыгуу макулдашылды», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары эки президент Ооганстандагы, анын ичинде өлкөнүн түндүк чек араларындагы кырдаалды талкуулашкан.

Сүйлөшүү учурунда Мирзиеев коңшу мамлекеттин президентин туулган күнү менен куттуктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM