Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 30-июнга карата дээрлик 2 миң адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 30 Июн 2021 | 1358 | 0

Кыргызстанда 30-июнга карата коронавирус дагы 1 миң 965 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында – 1490, Ош шаарында – 45, Чүй облусунда – 111, Ош облусунда – 94, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 93, Баткен облусунда – 73 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 571 бейтап: Бишкек шаарында – 256, Ош шаарында – 74, Чүй облусунда – 68, Ош облусунда – 63, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 7, Жалал-Абад облусунда – 56, Баткен облусунда – 34 бейтап илдеттен сакайып чыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, Баткен облусунда – 3, Ош шаарында – 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 389 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 454 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 39 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 5 миң 408 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 882 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 125 миң 3 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 110 миң 82 киши айыгып чыкса, 2 миң адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM