Биз менен байланышыңыз

Англия менен Украина Европа чемпионатынын чейрек финалына чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 30 Июн 2021 | 942 | 0

Англия менен Украинанын футбол курамалары Европа чемпионатынын чейрек финалына чыкты.

Кечээ, 29-июнда (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө) Англия менен Германиянын оюну өттү. Англия атаандаштарын 2:0 эсебинде жеңди. Биринчи голду 75-мүнөттө Рахим Стерлинг жана экинчисин Гарри Кейн киргизди.

Кийинки оюн 30-июнда (01:00дө) өтүп, анда Украина Швеция менен ойноду. Бул беттеште украиналыктар Швециядан күчтүүрөөк чыгып, аларды 2:1 эсебинде жеңип алды.

Украинанын биринчи голун 27-мүнөттө Александр Зинченко киргизди. Беттештин 43-мүнөтүндө швециялык жарым коргоочу Эмиль Форсберг гол киргизип, эсепти теңеди.

Ошону менен беттештин негизги бөлүгү аяктаганга чейин эки курама тең бири-бирине гол киргизе алган жок. Андан кийин оюн 30 мүнөт созулду. Кошумча убакыт да аяктап, ага 3 мүнөт кошуп берилгенде гана украиналыктар эсепти 2:1 кылды. Голду А. Довбик киргизди.

Эми чейрек финалда Швейцария менен Испания, Бельгия менен Италия, Чехия менен Дания, Украина менен Англия ойнойт. Чейрек финалдын оюндары 2-июлда башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM