Биз менен байланышыңыз

Эртең Назарбаев менен Путин Москвада кездешет

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 751 | 0

Эртең, 30-июнда Казакстандын тунгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада кездешет. Бул тууралуу Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Үкүбай Twitter баракчасына жазды.

«30-июнда Москвада Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин кездешүүсү өтөт. Сүйлөшүү учурунда ЕАЭБдин андан ары өнүктүрүү боюнча болочок пландар жана учурда актуалдуу болуп жаткан аймактар аралык маселелер талкууланат», — деди Айдос Үкүбай.

Ал эми Кремлдин басма сөз кызматы элбашы менен президенттин кездешүүсүндө Орусия менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздашташтыкты андан ары өнүктүрүү, Евразия мейкиндигинде интеграциялык процессти илгерилетүү, ошондой эле бир катар эл аралык маселелер талкууланарын жергиликтүү маалымат булактарына кабарлаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM