Биз менен байланышыңыз

Ализа Солтонбекова: Баткен элине дайыма иштей турган психологдор керек

Кыска кабар , Маек | 29 Июн 2021 | 6053 | 0

Баткен облусундагы кандуу кагылышка эки ай болду. Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 154 адам жаракат алган. Баткендеги 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган.  Эки ай аралыгында кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кандай жүрдү? Жергиликтүү тургундарга көрсөтүлүп жаткан жардамдар элди канааттандырабы? Бул суроолордун алкагында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова менен маек курдук. Кошумчалай кетсек, Ализа Солтонбекова учурда социалдык объектилердин курулушу менен жеринен таанышуу, иштин аткарылышына байкоо салуу үчүн Баткен облусунда жүрөт.  

— Ализа айым, айтсаңыз, учурда Баткен облусундагы кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат?

— Курулуштар алгылыктуу жүрүп жатат. Өткөндө мен келгенде Максат айылындагы ФАПтын пайдубалына капсула салган эле, азыр керегеси туруп калыптыр. Андан тышкары жергиликтүү тургундардын үйлөрүнүн дубалы, чатыры туруп калыптыр. Ошол эле айылда Максат орто мектебинде өткөндө келгенде кабинеттери күйүп, капкара болуп турган. Азыр ичтери агарып, шыбак иштери бүтүп, полдор кагылып жатат. Мындан сырткары башка айыл өкмөттөрдө мурда башталып, курулуш иштери токтоп калган мектеп, бала бакчалардын бардыгына толук кандуу каржы булактары ачылган. 1-сентябрга карата 100 орундуу бир бала бакчанын жана 2 мектептин ачылышы күтүлүүдө.

—  Жалпы жүрүп жаткан курулуш иштерине кандай баа бердиңиз?

—  Жакшы баа бердим: кайнап жаткан ысыкка карабай, курулуштар токтобой жүрүп жатат. Жергиликтүү тургундар да чатырларда жашап, «үй бүтсө киребиз», — деп күтүп жатышат. Анан көбүнчө улуу кишилер калыптыр, жаш балдардын көбүн туугандарынын үйлөрүнө жиберишиптир. Күн аябай ысык.

—  Жергиликтүү эл азыр эмне менен алек болуп жатыптыр? Социалдык жактан камсыздандыруу иштери кандай жүрүп жатат экен?

—  Кечээ Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка деген айылына бардык. Ал жерде мектепти кызыл аттестат менен аяктаган төрт бүтүрүүчү бар экен, аларга аттестат тапшырдык. Андан тышкары аксакалдар, айылдык депутаттар, жалпы 50дөй жергиликтүү тургун менен жолугуштук. Арыз-муңдарын, сунуштарын угуп, чечүү жолдорун айтып, сүйлөшүп келдик. Азыр Баткен облусуна өзгөчө макам бере турган жаңы мыйзам жазылып жатат, биз ошого эмнелерди киргизүү керектиги боюнча план жазып жатабыз. Бул жакка башка да мамлекеттик органдардын менден башка да бир нече орун басары жүрөт.

—  Эл менен болгон жолугушууларыңыздарда тургундар эмнелерди сунуштап, кандай жардам сурашты? Элдин мүдөөсү эмне экен?

—  Биринчиден, элге психологдор керек экен. Эл менен сүйлөшкөндө дале ыйлап жатышат, депрессиялык абалда экени билинүүдө. Ошондуктан бул жерге бюджеттик орундардан карап, ар дайым иштей тургандай психологдор керек, айымдарга да, эркектерге да. Конфликт чыккан учурларда балдар менен айымдар көчүрүлүп кетет, эркектер үйлөрүн коргойбуз деп калышат. Ошондуктан алар эки эсе көп стресске кабылып жатат. Ошондой эле медицина тармагынан көп сунуштар түштү: «УЗИ аппараттар, гинекологдор, балдар дарыгерлери жок» деген. Мындан тышкары оорулардын келип чыгуу себептерин түпкүрүнөн карап, ошонун негизинде «Кантип чечсе болот?» деген суроо менен биргеликте план жазып жатабыз. Айта берсек маселелер ушунчалык көп, бирок элдин негизги талабы чек ара маселесин чечүү болуп жатат. Негизинен ушул. Кайсы маселелерди өкмөттүн токтому менен чечсе болорун, кайсы маселелерди мыйзам кабыл алуу менен чечсе болорун бөлүп карап жатабыз.

— Кайсы убакытка чейин каралат? Азыр «Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте 2-окууда каралып жатат, сиздер кошумча, толуктоо киргизесиздерби?

— Сөзсүз түрдө кошобуз, азыр да мыйзамга өзгөртүү киргизсе болот. Ошондуктан жеринен таанышып, маселелерди аныктап чечүү үчүн келдик. Жерине келип, элдин өзүнөн угуп чечүү — башка да. Мыйзам иштеши керек, ошонун натыйжасына жетүү үчүн бул жакта жүрөбүз.

— Маегиңизге чоң ырахмат! 

Баткендеги чек ара окуясына бир ай (аткарылган иштер)

Copyright © 2017 Maral FM