Биз менен байланышыңыз

Евро-2020: Португалия менен Нидерланд чейрек финалга чыга алган жок

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 28 Июн 2021 | 1439 | 0

27-июндан 28-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалында Чехия менен Нидерланддын жана Бельгия менен Португалиянын оюндары болуп өттү.

Будапешт шаарында Чехия менен Нидерланддын ортосунда өткөн беттеште көптөр күткөндөй Нидерланд чейрек финалга чыга алган жок. Алардын жеңилишине оюндун 54-мүнөтүндө коргоочу Маттейс де Лигттин кызыл айып кагазын алып, оюндан чыгарылышы себеп болду десе болот. Азчылыкта калган Нидерланддардын оюну анчалык жүрүшкөн жок. Ал эми чехиялык футболчулар 68 жана 80-мүнөттө гол киргизип, атаандаштарын 2:0 менен жеңип алды.

Ал эми Португалия менен Бельгия курамаларынын оюнунда бельгиялыктарга жеңишти Эден Азардын иниси Торган Азар алып келди. Ал 42-мүнөттө беттештеги жалгыз голду киргизди.

Эми чейрек финалда Чехия Дания менен, ал эми Белгьгия Италия менен ойнойт.

Бүгүн, 28-июнда (саат 22:00дө) Хорватия менен Испания жана 29-июнда (саат 01:00дө) Франция менен Швейцария оюн өткөрөт.

Евро-2020: Плей-офф баскычына чыккан курамалар аныкталды (оюндар жадыбалы)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM