Биз менен байланышыңыз

«Ассанабилл» кайрымдуулук фонду Кыргызстанда мектеп куруу иштерин улантат

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 242 | 0

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев «Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фондунун президентинин милдетин аткаруучу Абделькарим Али Мохамед Али менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

«Ассанабилл» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанга жалпы билим берүүчү мектептерди курууда жардам көрсөтүп келет, ошондой эле авариялык абалдагы мектептерди жакшыртуу менен алектенет. Билим берүү жана илим министрлигинин «Ассанабилл» фонду менен кызматташуусунун алкагында фонд тарабынан ушул кезге чейин Кыргызстандын аймагында элүүгө жакын мектеп курулуп, мамлекетке акысыз өткөрүлүп берилген. Фонддун жетекчисинин белгилешинче, бул багыттагы иш улантылат.

Купешев фонддун ишин жогору баалоо менен бирге өлкөнүн алыскы аймактарында мектептерди курууда Кыргызстанга берип келаткан жардамы үчүн Абделькарим Али Мохамед Алиге ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал фонд тарабынан курулушу пландалып жаткан мектептерди республика боюнча бирдей бөлүштүрүү үчүн министрлик фонддун дарегине мурдараак жөнөтүлгөн өлкө аймактарынын керектөөлөрү камтылган тизмени кайра карап чыгарын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM