Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Коронавирустун «дельта плюс» штаммы кооптуу

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 392 | 0

Коронавирустун «дельта плюс» деп аталган штаммына байланыштуу кырдаал кооптондурат, вирус ыкчам жайылууда. Бул тууралуу ДССУнун Россия Федерациясындагы өкүлү Мелита Вуйнович билдирди.

«Дельта» штаммы кыска убакыт аралыгында бир нече адамга жугушу ыктымал жана бул кооптуу абалды курчутушу мүмкүн», — деди Вуйнович «Соловьев Live»  YouTube каналына берген маегинде.

Мелита Вуйнович кошумчалагандай, вируска каршы эмдөө зарыл, анткени илдеттин жугуу жөндөмү азайып, оор илдетке кабылуу мүмкүнчүлүгү төмөндөйт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, коронавирустун «дельта» штаммы бери дегенде 80 мамлекеттен аныкталып, тездик менен дүйнөгө жайылууда. Илдеттин бул түрүн жугузуп алгандардын басымдуу бөлүгү Британияда, 22-июнда 52 миңден ашык адамдан аныкталган. Кийинки орунда Индия, АКШ, Германия турат. Коронавирустун жаңы түрү Орусияда да катталып, “жаңы толкундун” башталышына себеп болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM