Биз менен байланышыңыз

Евро-2020: Дания менен Италия 1/4 финалга чыкты

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 27 Июн 2021 | 1205 | 0

26-июндан 27-июнга караган түнү футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалынын алгачкы эки оюну болуп өтүп, 1/4 финалга Дания менен Италиянын курамалары чыкты.

Биринчи оюнда (Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө) Дания менен Уэльс оюн өткөрүп, даниялык футболчулар атаандаштарын 4:0 эсебинде жеңип алды. Алгачкы эки голду 27 жана 48-мүнөттө Каспер Дольберг киргизди. Андан кийин 88-мүнөттө Йоаким Мехле эсепти 3:0 кылса, кошумча берилген убакытта Мартин Брейтуэйт төртүнчү голду киргизди.

Андан кийин түнкү саат 01:00дө Италия менен Австриянын беттеши башталды. Бул оюнда Италия күчтүү деп айтылганы менен Австрия каршылаштарына оңой эле жеңиле койгон жок. Эки курама негизги 90 мүнөттө гол киргизе албай, оюн дагы 30 мүнөткө созулду. Кошумча берилген убакытта гана Италия алдыга чыга алды. 95-мүнөттө Федерико Кьеза эсепти 1:0 кылса, андан 10 мүнөт өткөндөн кийин Маттео Пессина италиялыктардын экинчи голун киргизди. Эки гол өткөрүп жиберсе да австриялыктар жөн отуруп калган жок. 114-мүнөттө австриялык чабуулчу Саша Калайджич гол киргизип, эсепти 2:1 кылды. Бирок канчалык аракет кылганы менен Австриянын оюнчулары эсепти теңей алган жок. Ошентип оюн 2:1 эсебинде аяктады.

Бүгүн, 27-июнда (саат 22:00дө) Нидерланд менен Чехия жана 28-июнда (саат 01:00дө) Бельгия менен Португалия оюн өткөрөт.

Нидерланд менен Чехия беттешинде жеңүүчү болгон курама 1/4 финалда Дания, ал эми Бельгия менен Португалия оюнунда жеңген команда Италия менен ойнойт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM