Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Спутник V» вакцинасын алуу үчүн дагы эки пункт ачылды

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 151 | 0

Бишкекте «Спутник V» вакцинасын алууну каалагандар үчүн дагы эки пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

«Спутник V» вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагы адамдар, өнөкөт оорусу барлар үй-бүлөлүк дарыгердин көрсөтмөсү менен ала алышат.

Sinopfharm вакцинасынын экинчи дозасы менен эмдөө №4,9,14,15,16,17,19 — ҮМБда, Студенттердин шаардык поликлиникасында, Темир жол ооруканасынын поликлиникасында да уланууда.

24-июнга карата 27 миң 190 адам эмдөөдөн өттү, анын ичинен экинчи дозасын 19 миң 514 адам алды.

Жалпысынан 2932 медициналык кызматкер, Бишкектеги мектептерден 972 мугалим, 1234 мамлекеттик кызматкер, 411 укук коргоо органдарынын кызматкери, 8981 алтымыш беш жаштан өйдөкү карылар, 11699 башка категориядагы жаран, 849 өнөкөт оорусу бар адам эмдөөдөн өттү.

«Спутник V» вакцинасынын 25 миң дозасынын ичинен 5336 адам биринчи дозасын алган.

Эмдөөдөн өтүү үчүн адамдын паспорту болушу керек. Анткени бардык маалыматтар (паспорт жана вакцина жөнүндө маалыматтар) Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин СЭЗдеги COVID-19га каршы эмделгендердин базасына киргизилет.

Эмдөөгө байланыштуу бардык суроолор боюнча «Эмдөө» ишеним телефонуна: 31 32 97, 0500 303 343 жана Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнө: 0500 303 343, 54 65 21, 54 61 04 кайрылсаңыздар болот.

Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

— Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору — 64 45 57; 0505 111 330;

— Свердлов районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору — 63 51 22; 0505 286 670.

— Октябрь районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору — 57 09 15; 0703 293 793;

— Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору — 32 55 71; 0550 701 002;

— Ленин районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №2- Үй-бүлөлүк медицина борбору — 21 03 08; 0553 116 364;

— Биринчи май районунун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №7- ҮМБ, — 62 09 62;

— Свердлов районун Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору, №8- ҮМБ — 43 39 03; 0551 117 744.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM