Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жер берүүдөгү коррупциядан 170 млн сом зыян келтирилген

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 365 | 0

Бишкекте жер тилкесин берүүдө коррупциялык аракеттер аныкталып, бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 173 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек мэриясынын 1999-жылдагы токтому менен Б.Юнусалиев жана Сухе-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги кымбат баалуу муниципалдык 0,95га жер тилкеси Н.А. аттуу жаранга ден соолукту чыңдоо борборун куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга мыйзамсыз берилген.

2002-жылы мэриянын токтому менен ошол жердин мөөнөтсүз пайдалануу деген бөлүгү 49 жылга ижара берүү шартына өзгөртүлүп, 2005-жылы Бишкек мэриясынын токтомунун негизинде жердин багыты көп кабаттуу үй курууга которулган. «А» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомго 83 млн 520 миң 200 сомго сатылган.

2013-жылы аталган коом Бишкектин райондор аралык сотунун чечими менен көрсөтүлгөн жерди муниципалдык менчиктен жеке менчикке чыгарткан.

Ага көп кабаттуу үйлөрдү куруп, андагы батирлерди жарандарга кымбат баада сатып, мыйзамсыз түрдө эбегейсиз пайда тапканы такталды.

Мындай татаалдаштырылган коррупциялык схемага муниципалдык кызматкерлер, сот органдарынын кызматкерлери жана жеке адамдар катышкан.

Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык жер тилкеси жеке колго өтүп, мамлекетке 173 млн сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш ишин ачты. Сотко чейинки тергөө башталды.

Copyright © 2017 Maral FM