Бүгүн, 25-июнда “Ысык-Көл” аэропорту Оштон барган алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
«Тез Жет» авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош-Тамчы багытында 105 жүргүнчүнү, анын ичинде 12 баланы алып келди.
Ал эми Тамчы-Ош багыты боюнча 88 жүргүнчү, анын ичинде 13 бала учуп кетишти.
Туруктуу каттам жумасына 3 жолу — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылмакчы.