Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Иммунитетти баалоо боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 179 | 0

Кыргызстанда SARS CoV-2 вирусуна каршы иммунитетти баалоо боюнча изилдөө жүргүзүлөт.  Бул тууралуу маалымат жыйында «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору, профессор Омор Касымов билдирди.

Изилдөө жүргүзүү үчүн Кыргызстанга Орусиядан адистер келишкен. Коронавирус жуктуруп алып, ооруканада же үй шартында дарылоодон өтүп жаткан адамдар изилдөөгө кирбейт.

Ушундай эле изилдөө Орусияда да жүргүзүлүүдө. Май-апрель айларында Беларуста жүргүзүлгөн. Максат – жамааттык иммунитеттин жетиштүү деңгээлине жетүү.

Бардык каалоочулар онлайн түрдө бекер тестирлөөдөн өтүп, антителосун текшерте алат. Изилдөө 28-июнда 2-июлга чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 118 миң 981ге жетти. Каза болгондор — 1964, айыккандар 107 миң 391 киши.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 2702 бейтап, үй шартында 5 миң 862 адам дарыланууда.

Өлкөдө дээрлик 100 миң адам COVID-19га каршы вакцина алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM