Биз менен байланышыңыз

Сыдыков: Президенттин ишкерлерди коргоо жөнүндө жарлыктары аткарылбай жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2021 | 1291 | 0

Президенттин февралда кабыл алган 2 жарлыгы азыркыга чейин иштей элек. Бул тууралуу Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, февраль айында Садыр Жапаров бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды коргоо жана текшерүүлөрдү азайтууну максаттаган 2 жарлык кабыл алган.

Учурда андагы 28 ченемдин бирөө гана иштеп, калганы ишке аша элек.

«Ишкерлерди текшерүүдөн бошотуу керек деп канча жылдан бери ураан катары айтып келебиз. Бирок ал сөз жүзүндө калып келатат. Тескерисинче, текшерүүлөр көбөйдү. Азыр бизде экономикалык блок үстөмдүк кылбай, күч блогу үстөмдүк кылууда. Апрелде Экономика министрлигинде кеңешме өткөргөнбүз, ошондо 28 ченемдин арасынан бирөөсү гана — Башкы прокуратурада ишеним телефонун ачуу деген пункт аткарылганы айтылды. Калганы аткарылабы, аткарылбайбы, белгисиз», — дейт Сыдыков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM