Биз менен байланышыңыз

Орусияда мигранттардын жетишпестигинен пенсионерлерди ишке тартуу сунушталды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 575 | 0

Орусия өкмөт башчысынын орун басары Марат Хуснуллин өлкөдөгү эмгек ресурсун толуктоо үчүн эмгек мигранттарынын ордуна жумушка пенсионерлерди тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал турак жай куруу жана аймактардын инфратүзүмүн өнүктүрүү жаатындагы жыйында билдирди.

Хуснуллин мисал катары СССР мезгилин келтирип, метронун долбоорун иштеп чыгууда, кыйын маселелерди чечүүгө өлкөнүн ар тарабынан адистер тартылганын, алардын катарында тиешелүү тажрыйбасы бар пенсионерлер да болгонун белгилеп өттү.

Анын айтымында, пенсионерлерди кээ бир тармактагы иштерге тартууга болот.

Орусияда эмгек мигранттары жетишпей жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM