Биз менен байланышыңыз

Орусияда эмгек мигранттары жетишпей жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 462 | 0

Орусия өкмөт башчысынын орун басары Марат Хуснуллин турак жай куруу жана аймактардын инфратүзүмүн өнүктүрүү жаатындагы жыйында курулуш тармагына эмгек мигранттары жетишпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, Орусиядагы курулуштарга 2024-жылга чейин 5 миллионго жакын мигрантты тартуу пландалууда.

Хуснуллин аймактагы бийлик өкүлдөрүнө жумушчуларды ишке тартуу иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырган.

«Ушул жылдын март айынын башында Орусияда эмгек мигранттардын жетишпестиги катуу байкалды. Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү өлкөдө 1,2 миллионго жакын жумушчу керек», — деп айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM