Биз менен байланышыңыз

ШКУ өлкөлөрүнүн кинофестивалы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 491 | 0

Душанбеде өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин оюн жана телевизиондук тасмаларынын фестивалы башка убакытка жылдырылды.

Эскерте кетсек, кинофестиваль Душанбеде 29-июндан 2-июлга чейин өтмөк.

«Фестиваль көптөгөн тышкы факторлорго, дүйнөдө COVID-19 пандемиясы уланып жатканына жана делегаттардын көбү фестивалга катышар, катышпасын так билдирбегендигине байланыштуу башка убакытка жылдырылды», — деди фестивалдын уюштуруучусу «Тажикфильм» киностудиясы.

Маалыматта фестиваль кайсы убакытка жылдырылганы айтылган эмес.

Кинофестиваль ШКУга Тажикстандын төрагалык кылганына жана уюмдун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата «Тажикфильм» тарабынан уюштурулуп жаткан. Ага уюмга мүчө 8 мамлекеттин, байкоочу макамы бар 4 өлкөнүн жана диалог боюнча өнөктөш 6 мамлекеттин оюн жана телевизиондук даректүү тасмалары катышары пландалган.

Кыргызстандын атынан аталган фестивалга Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» көркөм тасмасы жана Эрнест Абдыжапаров тарткан «Жусуп Абдрахманов» даректүү тасмасы жөнөтүлгөн.

ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM