Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкектеги ооруканаларда 130 бош орун бар. Тизме

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 328 | 0

Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен ооругандарды жаткыруу үчүн 130 орун даярдалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

25-июнга карата кайсы ооруканада бош орундуктар бар экени төмөндө жазылды:

-Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында — 7 орун;

-Шаардык №1 клиникалык ооруканасында — 6;

-Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 13;

-Чүй облустук бириктирилген ооруканасында — 52;

-Улуттук госпиталда — 5;

-Онкология жана гематология улуттук борборунда — 4;

-Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүндө — 2;

-Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында — 3;

-Республикалык наркология борборунда — 38 орун бар.

Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 118 миң 981ге жетти. Каза болгондор — 1964, айыккандар 107 миң 391 киши.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 2702 бейтап, үй шартында 5 миң 862 адам дарыланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM