Бишкектеги ооруканаларда коронавирус менен ооругандарды жаткыруу үчүн 130 орун даярдалган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.
25-июнга карата кайсы ооруканада бош орундуктар бар экени төмөндө жазылды:
-Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында — 7 орун;
-Шаардык №1 клиникалык ооруканасында — 6;
-Улуттук кардиология жана терапия борборунда — 13;
-Чүй облустук бириктирилген ооруканасында — 52;
-Улуттук госпиталда — 5;
-Онкология жана гематология улуттук борборунда — 4;
-Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүндө — 2;
-Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында — 3;
-Республикалык наркология борборунда — 38 орун бар.
Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус жуктуруп алгандардын саны 118 миң 981ге жетти. Каза болгондор — 1964, айыккандар 107 миң 391 киши.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 2702 бейтап, үй шартында 5 миң 862 адам дарыланууда.