Кыргызстанда 25-июнга карата дагы 875 адамдан коронавирус аныкталды. Анын эң көбү Бишкекте:
- Бишкек шаарында – 395;
- Ош шаарында – 55;
- Чүй облусунда – 128;
- Ош облусунда – 109;
- Талас облусунда – 12;
- Нарын облусунда – 10;
- Ысык-Көл облусунда – 27;
- Жалал-Абад облусунда – 90;
- Баткен облусунда – 49 адамдан коронавирус аныкталды.
Муну менен вирус жуктуруп алгандардын саны былтыртан бери 118 миң 981ге жетти.
Акыркы бир суткада коронавирус илдетинен 6 бейтап көз жумду. Анын бешөө Бишкекте, бир учур Чүй облусунда катталды. Өлкөдө коронавирус илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1964тү түзүүдө.
Акыркы суткада коронавирустан дарыланып жаткан 533 адам айыкты. Ооруну жеңгендердин жалпы саны 107 миң 391 киши.
Ал эми медициналык кызматкерлер арасында акыркы суткада 23 учур катталды. Айыккандар 11 медик. Былтыртан бери 5231 медициналык кызматкерге коронавирус жуккан, анын 4 миң 818и айыкты.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 2702 бейтап, үй шартында 5 миң 862 адам дарыланууда.