Биз менен байланышыңыз

Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз калды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 314 | 0

Бишкек шаардык соту бүгүн, 24-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.

Президенттин администрациясынын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев УКМКнын тергөө абагына калтырылды.

Нарымбаев «Кумтөр» иши боюнча айыпталууда. Ал 9-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев 2 айга камалган.

1-июнда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, азыркы депутат Дастанбек Жумабеков, дагы бир эл өкүлү Максат Сабиров УКМКга сурак берип чыгышкан. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов да күбө катары көрсөтмө берген.

Copyright © 2017 Maral FM