Биз менен байланышыңыз

УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызмат жоюлат

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 1282 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы (антикоррупциялык кызмат) жоюлат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-июнда ишкерлер менен жолугушуу учурунда айтты.

Учурда бул боюнча Жарлык даярдалып жатканы маалым болду.

Президент Финансы полициясы да көптөгөн даттануулардан кийин жоюлганын айтып, укук коргоо органдарынын ишкерлерди ашыкча текшергенин сындады.

Эск-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылы 14-октябрда отставкага кетер алдында Антикоррупциялык кызматты жоюу боюнча жарлык чыгарган эле. Андан кийин президенттикке келген Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ал документ күчүн жоготкон.

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин кайра 16-октябрда жанданткан.

Copyright © 2017 Maral FM