Биз менен байланышыңыз

«Ата Мекендин» депутаттары чырдашып, жыйындан чыгып кетишти (сүрөт)

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 1950 | 0

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары жыйын учурунда айтыша кетишти.

Отурум залында микрофондор өчүк турганда депутаттар Айсулуу Мамашова менен Шайлообек Атазов чырдашып кетти. Аларды башка кесиптештери арачалалды. Айсулуу Мамашова депутат Атазовго: «спортчу болсоң, өзүңө спортчусуң» деп айтканы угулду.

Чыр чыкканга чейин «Ата Мекен» фракциясынын лидеринин алмашканы кабарланган. Депутат Наталья Никитенко фракция мүчөлөрү Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөткөнүн билдирген. Фракциянын 21-июндагы жыйынында лидерликке депутат Шералы Абдылдаев шайланды.

Сайдулла Нышанов лидерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.

«Ата Мекендин» депутаттары айтыша кеткенден кийин отурум залынан чыгып кетишти. Калгандары 10 мүнөттүк танапистен соң жыйынды кайра улантышты.

Вице-спикер Аида Касымалиева депутаттардын мындай жүрүм-туруму акыркы күндөрү көп боло баштаганына нааразы болду.

«Айрым депутаттардын жүрүм-туруму боюнча маселени Этика жана регламент комитети карап чыгышы керек. Акыркы убакта мындайлар көбөйүп кетти«, — деди вице-спикер Аида Касымалиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM