Биз менен байланышыңыз

Европа Биримдиги Беларуска карата санкцияларды киргизүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 376 | 0

Европа Биримдиги жана ага кирбеген өлкөлөр, анын ичинде АКШ менен Канада Беларуска карата санкцияларды киргизүүдө. Беларусь ал чараларды «кастык» аракеттери катары сыпаттоодо.

Европа Биримдигинин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдиргендей, алар Беларуска карата санкциялардын ири топтомун кабыл алышты.

«Беларуска карата санкциялардын эң чоң топтомун кабыл алдык. Алар 96 жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү», — деди ал.

Евробиримдиктин санкциялары уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде кабыл алынган. Германиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алардын максаты: Лукашенконун режимин каржылык жактан алсыздандыруу.

Жеке жана юридикалык жактарга карата кабыл алынган санкциялар биринчи кадам болууда. Алдыда тармактык санкцияларды киргизүү каралат. Евробиримдик Беларустун мунайынын, тамеки жана жер семирткичте колдонула турган калий тузунун экспортуна санкция салууну көздөөдө. Андан тышкары башка тармактарда да санкциялар каралмакчы.

Эскерте кетсек, 23-майда «Афина – Вильнюс» багыты боюнча учуп бара жаткан  «Ryanair» авиакомпаниясынын учагы Минсктин улуттук аэропортуна кондурулган. Ирландиялык авиакомпания билдиргендей, алар «учакта жардыруучу зат бар» деген маалыматтан улам Беларусь бийлигинин буйругу менен аэропортко конгон.

Бир канча сааттык текшерүүлөрдөн кийин учактан кооптондура турган заттар табылган эмес. Бирок Беларустун укук коргоо органдары өз өлкөсүндө экстремисттик деп табылган «Nexta» телеграм-каналынын мурдагы редактору Роман Протасевичти жана анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы кармап калышкан.

Бул окуядан кийин Евробиримдик Беларуска карата экономикалык санкцияларды киргизерин эскерткен.

Европарламент Беларусту Токиодогу Олимпиада оюндарына катыштырбоого чакырды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM