Connect with us

УКМК: Бейбаштык кол салуудан УКМКнын кызматкери каза болду

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 549 | 0

Бейбаштык кол салуудан УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Окуя 20-июнда болуп, УКМК кызматкери топтошкон балдардын кол салуусунан каза болгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү («Бейбаштык менен өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, адам өлтүрүүгө шектелгендер кармалган.

«Каза болгон улуттук коопсуздук кызматынын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз», — деп билдирет УКМК.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM