Биз менен байланышыңыз

Меркелдин Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу сөзү соцтармакта сынга кабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 1179 | 0

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Улуу Ата Мекендик согуштун башталган күнүнө карата видеокайрылуусу жергиликтүү социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылды.

Меркель өз сөзүндө 22-июнь немистерди уяткара турган күн экенин белгилеп, Германия ошол учурдагы ашынган улутчул режимдин кылмыштарына жооптуу болгонун моюндаарын жана ал өткөндү эстен чыгарбоо керектигин айткан.

Ошондой эле ал Берлин Орусия менен диалог курууга муктаж экенин билдирип, эки өлкө ортосунда тарыхый, коомдук жана экономикалдык байланыштар бардыгын кошумчалаган.

Видеокайрылууну көргөн социалдык тармактын колдонуучулары ар кандай комментарий калтырышууда.

«Менин 19 жана 21 жаштагы неберелеримдин ал нерсеге кандай тиешеси бар? Эч кандай тиешеси жок! Азыркы муунга аны кайра-кайра эске салганды токтотсоңор боло...»

«Сексенинчи жолу… Мен төрөлгөнгө чейин 40 жыл мурда болгон окуяга менин күнөөм жок»..

Айрым жарандар Германия менен Орусиянын ортосундагы мамиленин солгундашына байланыштуу Ангела Меркелди сындаган.

«Сиз, канцлер, Орусия менен алаканын начарлашына жол берип жатасыз». 

«Орусия менен мамиленин начар болушуна канцлердин жоопкерчилиги чоң». 

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш 1941-жылы 22-июнда Фашисттик Германиянын Советтер Союзуна кол салышы менен башталган. Ал согуш Германиянын жеңилиши менен 1945-жылдын 9-майында аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM