Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Дмитрий Козак менен жолугушту

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 454 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда Орусия президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин админстрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров менен Козак кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары боюнча сүйлөштү. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Орусия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM